«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

Кириш сөз

Убакыт учкан куш. Качандыр-бир, басып өткөн жолду жана өз жашооңдун маанисин көрүү үчүн, артка кылчаясыз. Өткөнүңүз сиз төрөлгөн мүнөттөн эле башталбайт. Сиздин өткөнүңүз – бул аталарыңыз жана чоң аталарыңыз, сиздин келечек – бул балдарыңыз жана неберелериңиз. Дал ушул өткөн менен келечектин ортосунда туруп гана, сиз өз жашоо-турмушуңуздун маанисин сезе аласыз. Кыргыз болуу менен, Сизге ушул жашоонун маанисин сезе билүүнү биздин салт – жети ата бере алат. Сиз бабаларыңыз тууралуу китепти эч качан жазбай дагы калышыңыз ыктымал, анан убакыт өткөнүңүздүн маанилүү баа жеткис окуяларын сүртүп таштабайбы? Өз жашооңузду жана өз ата-бабаларыңыздын турмушун 7ata.kg сайтында сыпаттап жазуу менен, Сиз укум-тукумуңуздун улануучулук чынжырынын үзүлүшүнө жол бербейсиз, аны менен өз келечек муундарыңызга жашоонун маңызын түшүнүүгө көмөктөшөсүз.

Бул сайттан ата-бабаларыңыздын ким экендигин ыкчам таба аласыз. Ал Сизди алар жөнүндө бирөөлөрдөн сурап убара болуудан арылтып, аларды оңой жол менен таап алууга мүмкүнчүлүк берет.

7ata.kg сайты бир нече бөлүктөн турат.

САНЖЫРА – бул санжырачылардын айтуусу боюнча кыргыздар жөнүндө маалымат. Аталарыңыз жөнүндө маалымат жана фото киргизгиңиз келсе, анда Сиз КАТТООдон өтүшүңүз керек.

Каттоо англисче тамгалар жана сандар менен толтурулат. Каттоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин КИРҮҮ көк баскычын  басуу менен, сайтка кире аласыз. Ошол жерде КОЛДООНУУЧУ деген баскыч чыгат. Ал жерди басып, НААМЫҢЫЗга кирип, өзүңүздүн ИНВАЙТыңызды табасыз. Тааныштарыңызды 7ata.kg сайтына чакырганда, өзүңүздүн инвайтыңызды бересиз.

Сунуштарды жана суроо-жоопторду биздин Фейсбук баракчасында табууга болот https://www.facebook.com/7ata.kg

ИЗДӨӨ. Бул жерде сиздин аскериңиздин логиндерин киргизип, алардын ата-теги жөнүндө биле аласыз. Кыргыздардын баары эле ата-тегин толук билбейт. Биздин сайт аларга жардам берүүгө багытталган. ИЗДӨӨ бөлүмүндө Сиз билген ата-бабаларыңыздын ысымын жазсаңыз, ошондо балким туугандарыңызды табасыз. Же болбосо, АЙЫЛ-АПАга кирип, жердештериңизге кайрылып, тууган издесеңиз болот.

АЙЫЛ-АПА – бул бөлүмдө 7ata.kg сайтындагы башка колдонуучулар менен ыкчам байланыша аласыз. АЙЫЛ-АПА форуму туулган жерин, тууган-туушкандарын дайыма эсинен чыгарбаган Интернет колдонуучуларга арналган.

КЫРГЫЗ ТЫРЫХЫ – эгер Сиздин аймагыңызда кандайдыр бир тарыхый окуялар болсо, ушул форумга жазып калтырсаңыз болот.

7АТА ЖӨНҮНДӨ – кыргыздын жети атасы, каада-салты менен таанышкыңыз келсе, ал ушул жерде жайгашкан.

Кылган иштериңиз, баскан жолдоруңуз 7ata.kg сайтына түшүрүлөт. Ошондуктан бул ишке олуттуу мамиле жасоо керек, анткени бул жердеги маалымат урпактарга каларын, чоң жоопкерчиликти талап кыларын эсиңизден чыгарбаңыз!

Сиз менен сыймыктанган атанын баласы, баланын атасы болуңуз!