ИЗИЛДӨӨНҮН КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептери үчүн (табигый математикалык дисциплиналардын мисалында) инновациялык окутуу технологияларын долбоорлоо
Изилдөөнүн маскаты: Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептери үчүн кыргыз тилинде электрондук инновациялык технологияларды иштеп чыгуу.
Долбоордун милдеттери:
- электрондук окутуу технологияларын үйрөнүү жана анын колдонулушун анализдөө;
- кыргыз тилиндеги электрондук ресурстарды долбоорлоо (билим берүү порталы, он-лайн тестирлөө программалары, видеосабактар, новатор мугалимдердин усулдук иштери, алдыңкы илимпоздор менен он-лайн конференцияларды өткөрүү ж.б.у.с.);
- электрондук окутуу технологияларын колдонуу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу;
- мектеп дисциплиналары боюнча компьютердик окутуу программаларын иштеп чыгуу;
- мектеп дисциплиналары боюнча компьютердик текшерүү программаларын иштеп чыгуу;
- мектептин иш кагаздарын электрондук түрдө жүргүзүүнүн программаларын иштеп чыгуу;
- Мектеп мугалимдерин электрондук технологияларды колдонууга даярдоо.
Долбоорду ишке ашыруунун этаптары:
Этап 1 — Проблеманы изилдөө жана анализдөө
Этап 2 — Электрондук технологияларды долбоорлоо
Этап 3 – Мектептин мугалимдерин электрондук технологияларды колдонуга даярдоо