Психопаттар кадимки адамдардан абдан эле айырмаланат десеңиз жаңылышасыз. Психопат десе эле сиз ачууланып, кыйкырып ар кимге каарын чачкан адамды дагы элестетишиңиз мүмкүн. Мындай деп ойлосоңуз терең жаңылышасыз. Жогорку типтеги психопаттар өтө жагымдуу, харизмалуу, ийгиликтүү адамдар болушу мүмкүн. Жана аларды көп учурда ири компаниялардын, ишканалардын жетекчилеринин креслосунан, ийгиликке жетишкен адамдардын катарынан көрүүгө болот. Психопаттар деген кимдер? […]


Чоң адамдардын жашоосундагы көптөгөн кыйынчылыктар алардын энелеринин бала кезде аларга карата туура эмес кылган мамилелеринен улам келип чыгат деп психологдор айтып келишет. Чын эле ошондойбу, келиңиз, иликтөө жүргүзүп көрөлү. “Мен ага канчалык эркелегим келсе да кичине чагымда бетимден бир ирет да өөп койгон жок. Жанына жакын барып эркелейин десем, “обу жоктонбой ары турчу” деп койчу. […]


Кандай эркектер айымдарга тез жагат? Ушул суроого кызыккан мырзалар көп. Бирок акыры барып келип эле “айымдар акчалуу жигитке кызыгат” деген бүтүм чыгарып коюшат. Бирок карама-каршы тараптын симпатиясына ээ болууга бир катар факторлор себеп болорун жана алардын айрымдарын кээде түшүндүрүү да кыйын экенин дайыма эске ала жүргөнүңүз оң. Анткени биздин тандоолор кээде акыл-эс критерийлерине гана таянбастан, […]


“Психологдун пикири” рубрикабызга кош келиңиз! Бул рубрикада окурмандардан келген кызыктуу суроолорго психологиянын тилинде жооп берүүгө аракет кылабыз. Суроо: “Мени бир суроо кызыктырат, эмне үчүн адам бир нерсени ушунчалык кааласа ага жетпей калат? Кээде муну орусча “закон подлости” деп коебуз. Ушуну психология боюнча жакшылап түшүндүрүп бере аласызбы?” Руслан. -Ооба, бул көрүнүш психологияда изилденген. Бул көрүнүштү 1938-жылы […]


Азыр жаштар арасында “нарцисс” экен деген сөздү колдонуу модага айланып жатат. Бул терминди толугу менен түшүнбөсө да башка бирөөнү бул сөз менен күнөөлөгөн жаштар четтен табылат. Бирок  адамдын нарцисстик бузулуусу же орусча айтканда нарциссическое расстройство личности (НРЛ) адамдын мүнөзүндөгү олуттуу карай турган өзгөчөлүктөрдүн бири. Бул ким? Инсандын нарцисстик бузулуусу-бул адам өзүн укмуштуудай маанилүү, уникалдуу жана […]


Денеден травма же жаракат алуу баарына эле белгилүү. Бирок денедегидей көзгө көрүнүп, колго кармалбаса дагы психологиялык жактан жаракат алуу да адамга оор зыян алып келерин көпчүлүк биле беришпейт. Тигил же бул кырдаалда психикалык жактан жабыр тартуу адамдын жеке индивидуалдуу өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланышкан. Жалпылай келгенде психологиялык травманын 3 түргө бөлүүгө болот. Алар: Шок травмасы. Адам […]


Адамдардын материалдык жактан канчалык бай экени көпчүлүк адамдарга белгилүү болуп турат эмеспи. Бирок адамдын руханий жактан байлыкка жеткенин кантип билүүгө болот? Адамдын руханий жактанбийик деңгээлге жеткенин психологдор бир нече пункттар менен аныктап келишет. Эгер канчалык деңгээлде руханий жактан бийиктикке жеткениңизди билгиңиз келсе төмөнкү өзгөчөлүктөр менен таанышып алсаңыз болот. Макаланын видео түрүндөгү варианты менен таанышсам десениз […]


https://youtu.be/r-zwD6CL28I Психологдор ал тургай ажырашуу алдында турган үй-бүлөлүк мамилени дагы жакын адамыңа жагымдуу сюрприздерди жасоо менен бара-бара жакшыртууга боло турганын белгилешет. Аялдар эркектерден күтүп,бирок көп учурда сүйүктүүсүнө айтпай койгон 5 сырды бөлүшөбүз.Маалымат менен кененирээк видеодон таанышсаңыз болот!  Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Муун бул-бир хронологиялык убакыт аралыгында төрөлгөн жана бирдей шарттарда өскөн адамдардын коомдук тобу болуп эсептелет. Муундар теориясын американских изилдөөчүлөр Нейл Хоу жана Уильям Штраустар киргизип, бул багытта китептерди жазышкан. Теориянын маңызы: ар бир 20-25 жылда мурдагы муунга көз карашы окшош эмес болгон адамдар төрөлөт дегенде жатат. Анын башкы мааниси-жаш курагы айырмаланган адамдардын ортосундагы чекти жоюу […]


Психология-кызыктуу илим. Анын күнүмдүк турмушка пайдасы: адам тууралуу, анын психикасы, жүрүм-туруму, өз ара аракетинин мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү тууралуу көп маалыматтарды берүү менен сиздин жашооңузду жеңилдеткенинде. Бүгүн beles.kg редакциясы адамдын психикасы тууралуу 10 кызыктуу фактыны топтоду. Аларды билүү сиз үчүн пайдалуу деген ойдобуз. Факт №1 – Башкаларды бактылуу кылууга  көп аракет кылган адам, көп учурда жалгыз […]


Яндекс.Метрика