Социалдык жоопкерчиликтин негизинде таза технологияларды колдонуу

Кыргыз-Кытай биргелешкен компаниясы

«Zhong Ji Mining» Кыргыз-Кытай биргелешкен компаниясы Нарын облусундагы Солтон-Сары өрөөнүндө жайгашкан Бучук участогундагы алтын кенин иштетүү боюнча биринчи лицензиясын 2008-жылы алган (лицензия №2387 — геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү). 2013-жылы кен иштетип чыгаруу боюнча лицензияга ээ болгон (лицензия №3228). 2018-жылдан баштап фабриканы, ага барчу жолдорду, жалпы инфраструктураны куруу жана карьерде курулуш иштери башталган. 2019-жылдын август айынан баштап ар кандай себептерден улам участокто иш токтоп турган.

2022-жылдын август айынан баштап ишмердүүлүк кайра уланып, биринчи кезекте жумушчулар үчүн убактылуу жатакана камсыздалган. Жалпысынан азыркы учурда жергиликтүү элден 106 адам иш менен камсыз болду. Бул жумушчулардын тамак-ашына керектелчү эт, жумуртка жана башка азыктар да жергиликтүү элден алынып, камсыздалат. Алтын иштетип чыгаруучу фабриканын объектилеринде курулуш иштери жүрүп, аны менен бирге административдик жана жатакана комплекси курулуп жатат. Кенде курулуш иштерин жалпысынан 2024-жылы бүтүрүү пландалган. Ошол эле жылдын соӊку айларында фабрика эксплуатацияга берилип, кенди иштетип баштоо пландалууда. Жергиликтүү бийлик менен макулдашылгандай, социалдык колдоо максатында Нарын районунун Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн банктык эсебине 2022-жылы 50’000’000 сом которулган. Ошондой эле аталган айыл өкмөткө ар кандай жардам берилип келүүдө.

Соӊку жаӊылыктар жана маалымат