Маданият

Бишкекте студенттердин эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын ачылышы өттү
Бишкекте студенттердин эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын ачылышы өттү

Бишкекте 16-апрелде студенттердин эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын ачылышы өттү, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.

Маданий иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган интеллигенциянын өкүлдөрү, студенттер, театр сүйүүчүлөр катышты.

Фестиваль 16-29-апрель күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышууда.

Фестивалда 10 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:

  • Мыкты спектакль
  • Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Көркөм окуу
  • Эң мыкты режиссура
  • Эң мыкты драматургия
  • Эң мыкты театр сыны
  • Чыгармачыл жаштардын устаты.

Алдыңкы орунду ээлегендер акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.

Фестиваль жыл сайын чыгармачыл жаш театр искусствосуна тиешеси бар студенттердин – театр артисттеринин, режиссерлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда жаш таланттардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажырыйба алмашуу максатында өткөрүлүп келет.


Маалымат үчүн: Фестиваль Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2021-жылдан тартып «Эл аралык» макамын алган.

Бишкекте «Дүйнөлүк балеттин шедеврлери»  эл аралык фестиваль өтөт
Бишкекте «Дүйнөлүк балеттин шедеврлери» эл аралык фестиваль өтөт
«Ала-Арча» көрүстөнүндө Азиз Мурадиллаевдин эстелиги ачылды
«Ала-Арча» көрүстөнүндө Азиз Мурадиллаевдин эстелиги ачылды
Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтөт
Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтөт

Спорт

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусуна чыгышты
Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусуна чыгышты

Кыргызстандык альпинисттер Гималай тоолорундагы Лабуче чокусун багындырышты. Бул тууралуу КР Спорттук альпинизм федерациясынын презитденти Эдуарт Кубатов социалдык тармак аркылуу билдирди.

«Чокуну багындырдык! 21-апрелде саат 07:00дө Кыргызстандын 5 катышуучудан турган командасы альпинисттик жана татаал Лобуче чокусуна ийгиликтүү чыгышты! Биздин арабызда көрүнүктүү пара-спортчу, эмгек сиңирген спорт чебери бар эле! Бүткүл кең Евразиядан бул тик чокуга чыга алган биринчи азиз адам! Бир аз чарчадык! Толук маалымат эртең болот! Мен балдар менен сыймыктанам жана аларды укмуштуудай бийиктиктерге алып чыгуу сыймык!» — деп жазды ал.

Бүгүн килем үстүнө Мээрим Жуманазарова баштаган үч балбан кыз чыгат
Бүгүн килем үстүнө Мээрим Жуманазарова баштаган үч балбан кыз чыгат
Азия чемпионаты-2024: Бүгүн Акжол Махмудов баштаган балбандар килемге чыгат
Азия чемпионаты-2024: Бүгүн Акжол Махмудов баштаган балбандар килемге чыгат
Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат
Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат